Эртең, 7-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 7-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +30…+32 градус болот.