Эртең, 9-февралда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Эртең, 9-февралда Борбор калаанын айрым көчөлөрүндө суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу саат 9:00 — 20:00 аралыгындагы убакытта өчүрүрүлөт,суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Таза суу убактылуу токтотула турган даректер:

Панфилов, Горький, Л.Толстой көчөлөрү жана Ч.Айтматов проспектиси менен чектешкен аймактар. Керимбеков көчөсүндөгү №5, 1 б, 13/1, 13, Исанов көчөсүндөгү №8, 5, 2г, 2а, 2б, 2в жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү №152, 154, 162 даректери.