Эртең Айт намазы учурунда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Тизме

Айт намазы учурунда борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Эртеңки Айт намазын өткөрүү жана ага даярдануу учурунда таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

Жабыла турган көчө кесилиштери:

— Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши;
— Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.