Эртең Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

29-майда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Шаар ичиндеги электр жарыгы өчүрүлө турган даректер:

9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи районундагы № 9 көп кабаттуу үйдө, Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;

9:40тан 16:00гө чейин — Боталиев, Сеченов, Тыныстанов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;

10:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүндөгү № 53 үйдө, Беларусь көчөсүнүн айрым бөлүгүндө жана Чатыр-Көл кууш көчөсүндө;

12:00дөн 17:00гө чейин — Юнусалиев, Ахунбаев жана Койбагаров көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;

13:00дөн 17:00гө чейин — Щербаков көчөсүнүн айрым бөлүгүндө, Изюм жана Булак кууш көчөлөрүндө;