Эртең Бишкекте азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт

Эртең, 20-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган салтка айланган азык-түлүктөрдүн жарманкеси болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарманке саат 10:00дөн баштап иштей баштайт. Ага 53 компания жана 61 дыйкан катышып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын базар баасынан төмөн баада сунушташат.

Биринчи май районунун тургундары Раззаков көчөсүндө, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде  азыктарды сатып ала алышат.

Октябрь районунун тургундары үчүн жарманке 12-кичи районундагы Нуркамал Жетикашкаева жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулат.

Свердлов районунун жашоочулары үчүн жарманке Төрөкул  Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Восток-5 кичи районундагы жээк) өткөрүлөт.

Ленин районунун жашоочулары Бакаев (мурунку Чапаев) менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинен арзан баада азык-түлүк сатып алышат.