Эртең Бишкекте «Кемпир-Абад берилбесин» деген жөө жүрүш өтөт

Эртең, 24-октябрда саат 12:00-13:00 аралыгында Бишкекте «Кемпир-Абад берилбесин» деген жөө жүрүш өтөт. Анда чек ара боюнча бардык документтер ачыкталышы талап кылынат. Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Кемпир-Абад Кыргызстандыкы, аны коргоого мыйзамдуу бардык аракеттерди кылууга даярбыз! Коркутуу, камоо менен маселе чечилбейт, эч ким бийликти басып алууну көздөбөй эле, болгону элдин үнүн угуу, чек ара маселесиндеги бардык документ, келишимдер ачык болушун талап кылуудабыз! Кайдыгер болбо, катыш, талап кыл! Кемпир-Абад жалгыз Өзгөндүкү эмес, Кемпир-Абад сен жана мен!» — деп жазылат билдирүүдө.

Салтка айланып калгандай, жөө жүрүш Темир жол вокзалынан башталып, Эркиндик бульварынан аяктайт.