Бишкек-145 жылдыгына карата Чүй проспектисинде унаа кыймылы токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет.