Эртең Бишкектин 17 көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 16-мартта борбор калаанын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлүп, жазгы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарык электр чубалгыларын туташтыруу, трансформатордук дүмүрчөктөрдүн жабдыктарын оңдоо, жыгач таянычтарын алмаштыруу иштери жүргүзүү үчүн өчүрүлөт.

Өчүрүү графиги:
— 09:00дөн 17:00гө чейин Бейшеналиева, Токтогул жана Киев көчөлөрүндө;
— 09:30дан 17:00гө чейин Кара-Көл, Оренбург, Айдаралиев көчөлөрүндө, Ош кууш көчөсүндө, ошондой эле 4-кичи районундагы №4а, 6, 6А, 6Б көп кабаттуу турак үйлөрдө;
— 09:30дан 18:00гө чейин Сүйүмбаев, Табачная, Кузнечная крепость, Күрөңкеев, Свободная, 8-Март, Арычная, Элебесов, Тул көчөлөрүндө жана Грозненский кууш көчөсүндө жок болот.