Эртең, 24-мартта борбор калаанын 38 көчөсүндө электр кубаты убактылуу болбой тургандыгы «Түндүк электр» ишканасынын сайтында маалымдалган.
Бул күнү бардык бригадалар үйлөрдүн ичиндеги тармактарды оңдоп-түзөп, техникалык жактан кароодон өткөрүп, пландалган иштерди жасашмакчы.
График:
- 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Шербет, Кара-Кужур, Безымянная, Жайыл баатыр көчөлөрү);
- 9:30-17:00 — Кулиев, Павлов, Чымкент, Жумабек, Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, андан сырткары 9-кичи райондо (№38 үй);
- 9:30-18:00 — Тимирязев, Рыскулов, Табышалиев, Горький, Тыныстанов, Камчатка, Белгород, Абакан, Архангельск, Алыкулов, Астрахан, Дэн Сяопин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, андан сырткары Ак-Ордо конушунда (Биримдик, Гагарин, Алыкулов, Бар-Булак жана Гүл-Ордо көчөлөрү);
- 10:00-18:00 — Низова, Курманалиев, Муса Жалил, Шайыр, Ялта, Салиева, Кантемир, Садовая, Пархоменко көчөлөрү жана Жибек жолу проспектиси;
- 12:00-17:30 — Көк-Жар конушунда;
- 13:00-17:00 — Кара-Жыгач конушунда (Исакеев, Дордой көчөлөрү).