Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Эртең, 17-февраль күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында күнү жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Түндүк электр  ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматка ылайык, жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Тизме:

9:00дөн 16:30га чейин — Тоголок Молдо жана Линейный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;

9:00дөн 17:00гө чейин — Жибек Жолу проспектинин, Байтик баатыр, Абдрахманов, Сеченов, Муса Жалил, Лермонтов, Тыныстанов, Дзержинский, Набережный, Магаданский, Үсөнбаев, Васильев, Щусев, Күрөңкеев, Каралаев, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Амбуринский туюк көчөсүндө;

9:30дан 11:00гө чейин — Жибек Жолу проспекти менен Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү;

9:00дөн 17:30га чейин — Ак-Босого (Чүй-58ден Чүй-61ге чейин) конушунда;

11:30дан 13:30гө чейин — Скрябин көчөсүнүн Матросовдон Кара-Дарыяга чейинки бөлүгүндө;

12:00дөн 17:00гө чейин — Арча-Бешик (Он-Арча, Айылчиев, Кара-Коо көчөлөрү) конушунда;

13:00дөн 14:00гө чейин — Кулатов, Чехов, Панфилов, Ашхабад, Медеров, Горький, Темиров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Ашхабад туюк көчөсүндө.