Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

— Алыкулов көчөсү — Лев Толстой көчөсү — Лумумбы көчөсү — Мурман көчөсү.

Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.