Эртең, 27-майда, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди.
Жумушчу топ үйлөрдүн электр зымдарын, трансформаторлорду жана жабдууларды оңдоп-түзөө менен алектенишет.
График:
- Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу № 34 үйдө жана Арча-Бешик жаңы конушунда (Кең-Суу, Эр-Тайлак, Шералиев, Чатыр-Көл көчөлөрү);
- Саат 10:00дөн 17:00гө чейин — Карпат, Ахунбаев, Элебесов, Токтоналиев көчөлөрүндө, Ч. Айтматов проспектиси жана Сумский менен Орто-Токой көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Саат 9:00дөн 18:00гө чейин — Балбан-Таймаш жаңы конушунда (Патриса Лумумба көчөсү)
- Саат 9:30дан 19:00гө чейин — Ылдыйкы Төкөлдөш жаңы конушунда («Мадина» базарынын аймагы, Чынар, Менделеев, Төкөлдөш көчөлөрүндө);
- Саат 9:30дан 17:00гө чейин — Ынтымак, Киргизия-1 жана 2 жаңы конуштары, Чоң-Арык жана Манас айылдары (Славгород, Кырман, Центральная, Самойленко көчөлөрү);
- Саат 9:30дан 16:00гө чейин — Лев Толстой, Лущихин көчөлөрүнүн жана Чүй проспектиси тилкелеринде (№ 16, 25, 34, 35 үйлөрү);
- Саат 12:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо (Улук-Тоо, Макмал, Бештектир, Терек-Сай, Ара-Көл көчөлөрү) жана Ак-Ордо жаңы конуштары (Алыкулов көчөсү).