Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Эртең, 30-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбордун айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, суу Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү менен чектешкен аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объекттеринде суу болбойт. Бишкек шаарынын  мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан  ичүүчү сууну камдап алууну суранат»,- деп айтылат маалыматта.