Жума күнү, 7-майда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди.
Электр кубаты төмөнкү райондордо болбой турганы айтылды:
- 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондо (№37 үйдө) жана Алтын-Ордо 3 конушунда;
- 9:30дан 17:30га чейин — Арча-Бешик конушунда (Кең-Кол, Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Поваринский көчөлөрүндө);
- 9:30дан 18:00гө чейин — Садырбаев, Курчатов, Серафимович, Серпуховский, Куба, Сельсовет, Ильменский жана Тверь көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Ак-Ордо конушунун (Курманжан датка, Алты-Бакан, Ташауз, Поваринский көчөлөрүндө);
- 9:40тан 17:00гө чейин — Аул, Элебесов, 8-март, Хвойное жана Кожевенное көчө бөлүктөрүндө;
- 10:00дөн 17:00гө чейин — Ибраимов, Шопоков көчөлөрүнүн жана Жибек жолу проспектисинин бөлүктөрүндө;
- 13:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Бата конушунда (6, 7, 8-көчөлөрдө).