Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең, 19-августта саат 10:00-24:00 чейин үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өчүрүү району:

• Токтоналиев – Гшлиессера – Минжылкиев – Т. Сагындыков көчөлөрү – А. Масалиев проспектиси менен чектешет.

Ичүүчү суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.