Эртең Бишкектин бир катар аймагында таза суу болбойт

5-июнь күнү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин баш калаанын бир катар аймактарында ичүүчү суу токтойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Таза суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдар бакчаларында, медициналык мекемелерде жана башка социалдык, өндүрүш объектилеринде өчүрүлөт.

Суу берилбей турган аймактар:

«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.