Эртең Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт

18-ноябрда Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт. Сууну өчүрүүгө диаметри 500 миллиметр болгон магистралдык суу түтүгүндөгү аварияны жоюу себеп болгон. Чоң диаметрдеги магистралдык суу түтүгүн оңдоо өтө татаал жана эмгекти көп талап кылат.

Саат 9:00дөн баштап саат 00:00гө чейин таза суу берүү токтотулат:
— «Учкун» кичи району;
— «Учкун» конушу.

«Бишкек суу канал» убактылуу ыңгайсызды үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты ичүүчү суу камдап алуусун суранат.