Эртең, 4-февралда Бишкектин көпчүлүк аймактарында жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Мекеменин айтымында эртең адистер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо жана зымдарды алмаштыруу, жабдууларды алдын ала оңдоо иштери менен алектенишет.
Электр жарыгы өчүрүлө турчу аймактар:
- 9:00дөн 11:00гө чейин — Исанов көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Власов, ДСП, 9-январь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
- 9:30дан 15:00гө — Көлбаев көчөсүндөгү №12, 14, 16, 18, 32, 34, 36, 38, 40 үйлөрдө;
- 9:30дан 17:00гө чейин — Скрябин, Бектенов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Бий, Широкий, Новосельский туюк көчөлөрү;
- 9:30дан 11:30га чейин — 5-кичи райондогу № 1, 1/1, 2, 2/1, 3, 3/1, 4/1, 4/2, 6-8 үйлөрдө;
- 9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй көчөсүндөгү №20-23, 45, 48 үйлөр, Садаев, Профессор Зима, Боталиев, Щербаков көчөлөрү) конушунда;
- 9:40тан 14:00гө чейин — Керамической, Дачный, Кайыңды көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9:40тан 17:00гө чейин — Буденный, Саратовский, Фрунзе, Салиева көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
- 10:00дөн 15:00гө чейин — Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгүндө, Зайсанский, Коллективный туюк көчөлөрү;
- 11:00дөн 13:00гө чейин — Московский көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
- 11:30дан 14:30га чейин — 4-кичи районунда (Еврей мектеби);
- 13:00дөн 17:00гө чейин — Элебаев, Байтик баатыр, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
- 14:00дөн 17:00гө чейин —Күрөңкеев, Үсөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
- 14:00дөн 17:00гө чейин — Орозбеков, Жибек жолу көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
- 14:30дан 16:30га чейин — 4-кичи райондогу № 30-35 үйлөрдө.