Эртең Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси каралат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги жаңы стадиондун курулушун баштап берип жатып айтты.
«Андан кийин эки өлкөнүн президенттери кол коюп, мындан соң кайрадан парламентке алып келинип, чоң жыйында ратификациясын өткөрөбүз. Ратификациядан өткөн мыйзамдарга президенттер кол коюп, күчүнө кирет. Бул жумуштун баары бир айдын тегерегинде бүтөт”, — деди Камчыбек Ташиев.