Эртең Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт

«Кыргызтелеком» ишканасы 14-ноябрда «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» Республикалык өндүрүштүк бирикмеси саат 8:00дөн 16:00гө чейин электр энергиясын толук өчүрүү менен профилактикалык иштерди жүргүзөрүн маалымдады.

Буга байланыштуу саат 08:00дөн 16:00гө чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында санариптик телеберүүнүн программаларын, мамлекеттик жана коммерциялык радиоберүүлөрдү берүү токтотулат.