Эртең Кыргызстанда күн ысык болот

Эртең, 13-апрелде Кыргызстанда күн ысык болот. Апрель айынын тарыхындагы эң ысык күндөрдүн бири (+32 градус) Бишкекте күтүлүүдө.

Апрель айынын эң ысык күнү 1946-жылы катталган. Анда +35 градус ысык болгон. Эң суук 1960-жылы апрель айында -12 градус болгон.

Жума күнү борбордо гана эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында 32 градус ысык болот. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында термометр +22 градусту көрсөтөт.

Ишембиде аба ырайы кескин өзгөрөт, кийинки аптада республикада күн бир топ суук болот.