«Эртең менен үйдөн алып кетишти». Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жакындары билдиришти.

«Кечээ өкмөт үйүнүн алдына казиного каршы митинг өткөргөндөн кийин кафеге милиция барып, суракка чакырыптыр. Эртең менен барам деп жаткан. Бирок саат 11лер чамасында милиция келип алып кетти. Азыр Акыйкатчынын өкүлү барды дешти»,- деди жакындары.

30-майда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден ага массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылганын билдиришкен.