13-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 13-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт.

Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +5…+10;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3 градус, күндүз +6…+8 градус болот.