Эртең Орхан Инандынын табылышын талап кылган чоң митинг өткөнү жатат

Жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын табылышын талап кылган масштабдуу митинг болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалымат боюнча, митинг Бишкек шаарынын Эски аянтында өткөрүлөт. Ага Кыргызстан боюнча “Сапат” билим берүү системасында иштеген жарандар чыгат.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.