Эртең президенттик балаты өтөт. Ага 650гө жакын бала катышат

Эртең, 22-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык президенттик балаты өтөт.

Президенттик балатыга республиканын бардык аймагынан 650гө жакын бала катышат. Жаңы жылдык балаты Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.