Эртең, 12-февралда Германия өлкөсүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге операция жасалат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ташиевге эртең, 12-февралда жүрөгүнө Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чамасында операция жасалат.
Белгилей кетсек,буга чейин Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага чет өлкөдө дарыланып келүүсүн сунуштаганын айтып, Ташиев 6-февралда эмгек өргүүгө чыкканын билдирген. Жана кийинчерээк дарылануу үчүн Германияга учуп кеткени айтылган.