Эртең тилкеден тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо тилкеден тыш добуш берүү үчүн 3 992 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Мыйзам боюнча, алар шайлоодон бир күн мурун жактырган партиясын шайлайт. Мындай укук Бишкек шаарында 2 миң 602, Ошто 1 миң 168 жана Токмокто 222 шайлоочуга берилген. Бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, алыскы жайлоодо жүргөндөр кошулат. Калктуу конуштан алыс жайгашкан аскерлер, шайлоо күнү кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлери да көчмө урна аркылуу добуш берет.