«Эртең, 15-сентябрда өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде окуу процесси башталат. Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүп жатканына ишенем». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Адаттагыдай мектептерде окуу процессинин башталышы менен «Тынчтык сабагы» класстык сааты өтүлөт. Бул күнү мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, окуучуларга сабак өтүүнү пландап жатам. Мен үчүн да, окуучулар үчүн да кызыктуу болот деп ойлойм. Айтмакчы, менин орун басарларым жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы башка мектептерде класстык саат өтүшөт», — деп жазды ал.