Эртеңден баштап Кыргызстанда аба температурасы төмөндөп, жаан жаайт

29-июлдан тартып Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөөсү күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлүүдө. Ысык-Көл облусунун дээрлик бардык райондорунда жаан жаайт.

Ал эми 30-31-июль күндөрү аба температурасы дагы төмөндөп, Кыргызстандын бардык аймактарында жамгыр жаайт.

Түштүк аймактарда күндүз аба +35 градуска жетет, Ысык-Көл, Нарын облустарында +26 градус, Талас +29, Чүй облусунда +31 градус болору күтүлөт.