Эртеңден баштап алтын куймаларды саткан дүкөн иштей баштайт

Эртең, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКтын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат. Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон»,- деп айтылат маалыматта.