Эртеңден баштап мектептерде окуу башталат

Эртең, 16-январдан тарта өлкөдөгү мектептерде окуу башталат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Каникул узартылсын деген буйрук жок. Эртең окуучулар кадимкидей эле мектепке бара беришет», — дешти.

Буга чейин кышкы каникул суукка байланыштуу 16-январга чейин узартылган.