Эртеңден баштап Нарын шаарында бала бакчалар ачылат

Эртең, 1-апрелден баштап Нарын шаарындагы бала бакчалар толук кандуу ачылып, мектепке чейинки өз ишин баштайт. Бул тууралуу маалыматты Нарын шаарынын мэриясынан тастыкташты.

Мекеменин айтымында, мындай чечимди шаардык эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясы чыгарды.

«Буга чейин бала бакчаларда азык-түлүк алуу, жылуулугун текшерүү жана жуучу, жугушсуздандыруучу, коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн атайын комиссия шаардагы бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгын текшерди»,- деп билдиришти Нарын шаарынын мэриясынан.

Ал эми ачыла турчу бала бакчаларда санитардык нормаларды аткаруу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетовго жана бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында бала бакчалар мындан бир жыл мурун коронавируска байланыштуу карантинге жабылып, ошондон бери ачыла элек болчу.