Эртеңден тарта Бишкектеги №46 автобусту күтпөңүз. Каттам жабылды

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 27-январдан тарта №46 автобус каттамы жабыларын билдирет.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана «Эко Жүргүнчүлөрдү Жеткирүү» ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

Жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 маршруттук каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, каттам өз чыгымдарын жаба албай калган.