Эртеңден тарта Бишкектин 2 көчөсү бир тараптуу болот

27-декабрда Бишкектин эки көчөсү бир тараптуу болот. Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын бир тараптуу жана эки тараптуу кыймылынын схемаларына өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Учурда Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрүнө бир тараптуу кыймыл жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө. Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

27-декабрдан баштап жогорудагы эки көчөнү ишке киргизүү пландалууда:

— Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Эки тараптуу кыймыл:

— Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана 2 көчөдө эки тараптуу кыймылды 2024-жылдын 14-январына чейин бүтүрүү пландалууда.