12-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+23 градус болот.