Эртең, 28-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +7…+9 градус болот.