Эртеңкиге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 5-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градус суук.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…+1 градус жылуу.