Эртеңкиге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 15-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +4…+1, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте кар жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +2…+4 градус суук болот.