Күн ачык болот. 21-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 21-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Ош облусунда түнкүсүн 0…+2, күндүз +12…+13;

Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…2, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…8, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.