Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында унаанын терезесин караңгылатуу акысын арзандатуу керектигин айтты.
«80 миң сом деген бул өтө кымбат. Бул элди экиге: бай жана кедейге бөлүп жатат. 80 миң сомду айыл жергесиндеги ар бир адам төлөй албайт. Ал деле бирок элге окшошуп жүргүсү келет. Силер келгенде 40 миңге чейин болот деп айтпадыңар беле. Муну мен өлкөнүн маселеси деп эсептейм. Ушуну карап чыгат деп ишенем», — деди ал.