Эс алууга өз алдынча бара жаткан окуучулардын ата-энелерине айып пул салынды

Баткенде мыйзам бузган мектеп окуучуларынын ата-энелерине айып пул салынды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 7-класстын 31 окуучусу жайкы эс алууга Кадамжай районундагы Ак-Кайың эс алуучу жайлоосуна өз алдынча Спринтер унаасын жалдап, кетип жаткан учурда Кара-Бак айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Развилка участкасынан кармалып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.