Эс-учуна келбей, ооруканада көз жумган Марат Казакпаевдин жубайы «анын өлүмүнө УКМК күнөөлүү» дейт

Бүгүн, 10-июнда саясат таануучу Марат Казакпаев 56 жашында эс-учуна келбей каза болду. Ал өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган болчу.

Саясат таануучунун жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиникага» үй-бүлө багуучусунан айрылганын айтты. «Мен жолдошумдан айрылдым. Эми өзүм ооруй баштадым. Кичинекей баланы ким багат? Бала 2 жашта. Өзүнүн баласы. Бул үчүн УКМК күнөөлүү. Бул кыйноо. Мурдагы жылы эле ооруп баштаган. Ошондо эле дарылаш керек болчу. Алар сурап туруп алышты. Ошондо биз акыйкатчыга арыз жазганбыз. Мен бүгүн жолдошумду жоготтум. Биринчи эле УКМК күнөөлүү, алар ооруп жатат деген маалымкатты Башкы прокуратурага беришкен эмес. Мен сотко да айткам, «кан басымы түшпөй атат, жоготуп алабыз» дегем», — деди ал.