Эс-учуна келбей, ооруканада көз жумган Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча УКМК үн катты

Эс-учуна келбей, ооруканада көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча УКМК үн катты. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ушуга чейин Казакпаев дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алган, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болчу. Ошону менен бирге 9-марттан бери анын кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан.

«Казакпаевдин жубайынын кайрылуусу менен 27-апрелден 19-майга чейин ден соолугуна байланыштуу медициналык мекемеге жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия диагнозу менен которулган. 25-майда Миррахимов атындагы кардиология борборунда саясат таануучу комплекстүү текшерүүдөн өтүп, анда адис дарыгерлердин кеңеши берилип, дары-дармек жазылган. 19-майдан 9-июнга чейин ал медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз берген эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине катышкан.

Кечээ, 9-июнда эртең менен ден соолугунун кескин начарлашына байланыштуу УКМКнын демилгеси менен Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган. Саясат таануучу 10-июнда саат 14:31де Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада мээге кан куюлуп каза болду», — деп айтылат маалыматта.