Эсептөө палатасы Билим берүү министрлигиндеги аудиттин жыйынтыктарын жарыялады

Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын жарыялады.

Аудиттин жүрүшүндө министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын финансылык ишмердүүлүгү, бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы талданып, төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр белгиленди:

2023-жылы министрликтин бюджети өзгөртүүлөр менен 67 724 502,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен кассалык чыгымдар 61 821 556,0 миң сомду түздү.

Аудиттин натыйжасында жалпы бузуулар 723 554,6 миң сомду түзгөнү аныкталып, анын ичинен 289 658,7 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш, 214 722,5 миң сом аудит учурунда калыбына келтирилген, ал 74,13% түзөт.

Аудиттин жүрүшүндө төмөнкү финансылык бузуулар белгиленди:

Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги аудиттин алдын ала жыйынтыктары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Талас шаарынын жана Таплас районунун билим берүү бөлүмдөрүндөгү аудиттер Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Башкы прокуратурага ижара жана эмгек акы боюнча аныкталган каржы бузуулар тууралуу маалымат жөнөтүү сунушталды.

Эсептөө палатасы мамлекеттик каражаттардын мыйзамдуу, натыйжалуу жана ачык-айкын колдонулушун камсыз кылууга багытталган көзөмөлүн улантууда.