Эсептөө палатасы Маданият министрлигиндеги аудитте ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн аныктады

Эсептөө палатасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын карамагындагы ведомстволук мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан маалымдашты.

Аудиттин жыйынтыгында финансылык тартиптин сакталуусун камсыз кылуу боюнча ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү аныкталды. Натыйжада бир катар багыттар боюнча мыйзамдардын жана белгиленген жол-жоболордун талаптарына толук шайкеш келбеген учурлар катталган. Тактап айтканда, эмгекке акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, ошондой эле товардык-материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүүдө олуттуу шайкеш келбестиктер аныкталды. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана контракттарды түзүүдө процедуралык мүнөздөгү бузуулар орун алган. Атап айтканда, келишимдер боюнча 10 пайыздан ашык өлчөмдө аванстык төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү, ошондой эле тиешелүү мониторинг жүргүзүлбөстөн сатып алууларды ишке ашыруу фактылары аныкталды.

Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө эмгек акы төлөөгө байланышкан чыгымдарда, кызматтык иш сапарлар боюнча каражаттарды пайдаланууда, мамлекеттик мүлктү колдонууда, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүдө бир катар финансылык жана жол-жоболук бузуулар катталды. Айрым учурларда курулуш-монтаждоо иштеринин наркы же көлөмү негизсиз жогорулатылганы да белгиленди. Аудиттин жыйынтыгы Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынында каралып, финансылык тартипти чыңдоо, аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тиешелүү сунуштар жана жазма буйруктар берилди.