Эсептөө палатасы: Мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү 3 пайызды гана түзгөн

Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан маалымдашты.

Аудиттин жыйынтыгында үрөнчүлүк тармагын колдоого багытталган мамлекеттик дотациялардын натыйжалуулугу жетиштүү деңгээлде камсыздалбаганы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана үрөнчүлүк чарбаларды колдоо боюнча Министрлер кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашырууда тармакты мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизген бир катар системалык кемчиликтер белгиленди.

Аудит көрсөткөндөй, үрөнчүлүк чарбаларына дотациялык каражаттарды бөлүү аркылуу айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү жана сапаттуу сорттук үрөндөр менен камсыз кылууга багытталган чаралар толук кандуу жыйынтык бербеген. Иш жүзүндө 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилде 166,7 млн сом өздөштүрүлгөн, бул каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн болгону 30,7 пайызын түзөт.

Дотацияны өздөштүрүүнүн төмөн деңгээлинин негизги себептеринин бири болуп айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик колдоо алуу шарттары тууралуу жетиштүү маалыматынын жоктугу, ошондой эле маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиз жүргүзүлүшү саналат. Мындан тышкары, айрым учурларда бюджеттик мыйзамдардын талаптары сакталбай, дотациялык каражаттар сметада алдын ала бекитилбестен жана тиешелүү ченемдик бекитүүсүз каржыланганы аныкталды.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилде үрөнчүлүк тармагына мамлекеттик дотация катары 197,5 млн сом каралган.

Ошол эле учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дотациялык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча системалуу иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес, ошондой эле тиешелүү укуктук актылар иштелип чыккан эмес. Аудит ошондой эле дотация программасын ишке ашырууда так стратегиянын, координациялык механизмдин жана катышуучу тараптардын жоопкерчилигинин жетишсиздигин белгиледи. Мындан сырткары мамлекеттик дотацияны төлөп берүү мөөнөттөрү, жооптуу кызмат адамдарынын милдеттери жана жоопкерчилиги боюнча укуктук база толук калыптанган эмес.

Сертификацияланган сорттук үрөндөрдү пайдалануунун айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча талдоо жүргүзүлгөн эмес, ошондой эле түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрүн райондук орточо деңгээлдер менен салыштыруу иштери жүргүзүлгөн эмес.

2020-2025-жылдары дотация программасына 26 126,6 тонна үрөн киргизилген, анын ичинен 16 628,2 тоннасы же 63,6 пайызы гана сатылган. Бул жагдай суроо-талапты пландоонун жетишсиздигин, логистиканын алсыздыгын жана фермерлер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигин көрсөтүп турат. Жалпысынан үрөн чарбалары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн үрөн менен болгону 13,5 пайызга камсыз кылган, ал эми мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү 3 пайызды гана түзгөн. 2020-2025-жылдары дотация программасына жазгы себүү үчүн орточо 31 чарба, ал эми күздүк себүү үчүн 25 чарба гана катышкан. Мындан тышкары, аймактык комиссиялардын ишинде да кемчиликтер аныкталган. Алар үрөн чарбаларынын ишине карата мониторингди талаптагыдай жүргүзүшкөн эмес жана ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында корутундулар менен сунуштарды беришкен эмес.

Жыйынтыгында, аудит үрөнчүлүк тармагын мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик дотация программасын ишке ашыруунун так жана координацияланган механизмин иштеп чыгуу, мониторингди жана контролду күчөтүү, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңейтүү, бюджеттик пландоону жакшыртуу, натыйжалуулукка баа берүү механизмдерин киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын көрсөттү.