«Эшик, терезелери сынган». Депутат КУУнун абалына нааразы болду

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында анын атына Кыргыз улуттук университетинин студенттери карйлышканын билдирди.

«Бизде окуу шарты аябай начар. 37 миң сомдон контракт төлөйбүз, бирок шарт жок» дейт. Барып көрсөм, чындыгында ошондой экен. Эшик, терезелери сынган, жылытуу жок. Парталар эски. Аталган окуу жайда 28 миң студент окуйт экен. 2 миң студент бюджетте, 500ү чет өлкөлүк студент. Алардын акчасын санап көргөндө 910 миллион сом акча түшөт экен. Андан тышкары 67 миллион 718 миң сом түшөт. Баарын кошкондо 1 миллиард сомдун тегереги болот. Мугалимдердин айлыгы да аз экен. Акча каякта? Башкы корпусуна да бардык. Эмнеге каралбай калды? Акыркы 5 жылда иштеген ректорлор акчаны жеген болсо, жоопко тартылышы керек. Акыркы иштеген ректор жоопко тартылышы керек», — деди ал.