«Эшикти ачууга күчү жетпей». Чүйдө улгайган апа эки небереси менен батирде камалып калган

ӨКМдин куткаруучулары үйдө бекилип калган жарандарга жардам беришти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-август күнү Сокулук районундагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан батирдин эшиги жабылып калган. Сокулук райондук №23 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу саат 21:18де жерине чыгып, 22:00дө эшигин ачып беришкен.

Үйдүн ичинде улгайган апа менен эки небереси камалып калып, өз күчтөрү менен эшигин ачалбай жаткандыктан жардам сурап кайрылышкан. Жыбыркагандар жок.