«Эшикти бекитип алып». Ошто жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

Оштогу Монуев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде 1996-жылы туулган эркек киши мас абалында эшикти ичинен бекитип алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, эшикти ачып беришкен. Жогоруда аталган жаранды ИИМ кызматкерлери алып кетишкен.