Эске салабыз! Бул аптада кыргызстандыктар 2 күн гана иштешет

Кыргызстандыктар 1-майдан 5-майга чейин катары менен эс алат. Эмгек министрлиги кийин бул күндөрдүн ордуна башка күндөрдө иштөө керектигин эскертти.

Ошондо 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күн деп эсептелет. 5-май Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен, 6-май дүйшөмбү эс алуу күн болмок. Бирок кыргызстандыктар 2-майдын ордуна 6-майда иштешет. 3-майдын ордуна 11-май (ишемби) иш күн болмокчу.

Эгер сиз алты күндүк график менен иштесеңиз, анда 1-майда, 6-майда жана 9-майда эле эс аласыз.